7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары Бишкекте чогулат

12

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы катары президент Садыр Жапаров Кеңештин кезектеги жыйынын Бишкек шаарында өткөрөт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Иш-чара 2025-жылдын 26-27-ноябрында Бишкек шаарында өтөт жана ЖККУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болот.

Жыйынга Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон катышат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылууда.

13