7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 10 миң орундуу стадиондун курулушундагы топурактын үлгүлөрү алынды

296

Баткен шаарындагы Чет-Булак участкасында курулуп жаткан 10 000 орундуу стадиондун курулуш аянтындагы топурактан үлгүлөр алынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

«Топуракты сыноо МамСТ 28514-90 талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Сыноо иштери тапталган топурактын тыгыздыгын, сапатын аныктоого багытталган, бул келечектеги спорттук объектинин бекемдигин жана узак мөөнөттүүлүгүн камсыз кылуудагы негизги этаптардын бири болуп саналат.

Алынган үлгүлөр андан ары талдоо жүргүзүү үчүн лабораторияга жөнөтүлдү. Жыйынтыктар аткарылган жер иштеринин ченемдерге ылайыктуулугун баалоого мүмкүндүк берет жана кийинки курулуш конструкциялары үчүн негиздин ишенимдүүлүгүн тастыктайт», — делет маалыматта.

297