Бишкек шаарында атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чаралар улантылууда.
Рейд учурунда эки жеке мончодо экологиялык талаптарды бузуу фактылары аныкталды.
Заводской айылы, 402 даректе жайгашкан мончонун мешинен тиричилик таштандыларынын жана тигүү калдыктарынын өрттөлгөнү аныкталды. Бул жеке мончонун ээси буга чейин бир нече жолу тыюу салынган заттарды өрттөгөнү үчүн эскертилгенине карабастан, кайра текшерүүдө дагы ошол эле бузуулар кайталанды.
О.А.А. болгон жаранга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кайрадан протокол түзүлдү. Мэрдин орун басары Азамат Кадыров мончо ээсине экологиялык нормаларды катуу сактоо зарылдыгын дагы бир жолу эскертти. Эрежелер кайра бузулган учурда жеке мончонун иши токтотулушу мүмкүн.
Жибек-Жолу, 450 даректе жайгашкан башка мончодо пластмасса бөтөлкөнү өрттөө фактысы аныкталып, бул дагы экологиялык талаптарды бузуу болуп эсептелет.
Объекттин ээси А.Р.Т. жоопкерчиликке тартылып, Кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаар аймагында тигүү калдыктанын, авто майлар, материалдар, пластмасса, каучук, органикалык айнек (бутөлкөлөр, банкалар ж.б.), резина (авто дөңгөлөктөр, камералар ж.б.) сыяктуу заттарды өрттөөгө тыюу салынат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



