Ош шаарында Ош технологиялык университетинин алдындагы колледждин биринчи курсунун үч студенти Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) биринчи курсунун эки студентин сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Текшерүүгө кечээ социалдык тармактарда тараган жигитти сабап жаткан видео себеп болгон.
Милиция мушташка катышкан деп шектелген үч адамдын өздүгүн аныктады. Алар колледждин 2010 жана 2011-жылы туулган студенттери. Алардын бири сабап кетүүнү уюштурган деп шектелүүдө.
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, окуя 27-октябрда ОшМПУнун спорттук аянтчасынын жанында болгон. Шектүүлөр ушул университеттин биринчи курсунун эки студентин сабап кетишкен.
Үч студент милицияга жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда. Жабыркагандардын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.



