7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

3
Президент Садыр Жапаров “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду, ага ылайык зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнестин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин: – зергердик өндүрүшү үчүн жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо, ошондой эле чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн зергердик буюмдарды ташып чыгарууда бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды берүүнү;
– легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгилөө менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда ташып киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштырууну;
– пробалык жыйымдын ставкаларын төмөндөтүү жөнүндө маселени кароо менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө тиешелүү пробаны ырастаган өзүнүн эн тамгасы менен пробалоо жана эн тамгасын басуу боюнча функцияларды (мамлекеттик пробалык эн тамгасын кошпогондо) ыктыярдуу негизде өткөрүп берүүнү;
– үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотууну;
– жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактарды 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автомототранспорт каражаттарын сатууда алынган кирешелер боюнча салыктарды, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотууну;
– Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотууну;
– тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүнү;
– чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын азайтууну;
– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүзөгө ашырылуучу иш үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөөнү;
– чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлүүчү транзакцияга салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөөнү;
2) зергердик буюмдарды ата мекендик өндүрүүчүлөргө Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 пайыз өлчөмүндө арзандатылган баа боюнча Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунан чийки затка жеңилдетилген жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын;
3) зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды түз келишимдин негизинде же товардык-чийки зат биржасы аркылуу 180 (бир жүз сексен) күнгө чейинки мөөнөткө төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен кайра сатуу укугусуз чийки зат түрүндө сатууну жүзөгө ашырсын;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору менен макулдашуу боюнча зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү механизмин карасын;
5) “Манас” эл аралык аэропортунда баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробанын эн тамгасын басуу боюнча лабораторияны түзсүн жана ишин уюштурсун, ошондой эле Ош, Манас шаарларынын жана “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагында жайгашкан Ысык-Көл филиалынын аэропортторунда мындай лабораторияларды түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени иштеп чыксын;
6) баалуу металлдардан жасалган ата мекендик зергердик буюмдарды сатуу рынокторун кеңейтүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну аткаруунун алкагында эн тамгаларды өз ара таануу тууралуу маселени чечүүнү тездетсин;
7) зергерчилик тармагынын субъекттерине карата талаптардын кайталанышын болтурбоо максатында террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун алкагында маалыматтарды санариптик өз ара алмашуу системасын киргизүү жолу менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды сатуучулардан суралган маалыматтарды жана отчетторду интеграциялоону камсыз кылсын.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4