2025-жылдын 13–14-декабрында, Бишкек шаарында— Maarif орто мектебинде Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Connectivity” долбоорунун алкагында FIRST Bishkek 2025 регионалдык робототехника чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чара Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 10дон ашык мектептен келген 350дөн, ошондой эле Казакстан Республикасынын бир катар мектептеринин окуучуларын бириктирди. Чемпионат катышуучуларга STEAM багыттарында, инженерияда, программалоодо жана робототехникада өздөрүнүн билим-билгичтигин көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди. Чемпионаттын алкагында командалар үч категория боюнча күч сынашты: FLL Explore (7–10 жаштагы катышуучулар), FLL Challenge (10–13 жаштагы катышуучулар) жана FTC (14–17 жаштагы катышуучулар). Сынактар демонстрациялык матчтар, практикалык сессиялар, калыстар менен маектер жана финалдык мелдештер форматында өттү.
FIRST Bishkek 2025 чемпионаты Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасында инклюзивдүү жана инновациялык билим берүүнү колдоо боюнча аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Ал XXI кылымдын компетенцияларын, анын ичинде санариптик жана экологиялык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
Чемпионат 14-декабрда бардык категориялар боюнча жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды сыйлоо аземи менен жыйынтыкталат.



