2025-жылдын 17-19-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн;
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырзаке-Кара – Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
Балыкчы-Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу).
«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — делет маалыматта.



