Ош мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев 4-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтью Хабиновски менен жолугушту.
Жолугушууда Ош менен АКШнын шаарларынын, анын ичинде Чикагонун ортосунда боордоштук мамиле түзүү, инвестиция тартуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, тараптар туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода-логистика жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.



