7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ДКОнун алкагында «Биримдик кербени» маданий долбоору старт алат

33

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкекте «Биримдик кербени» аттуу маданий долбоор башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт. Анда кыргыз эли үчүн ар дайым жашоонун, тазалыктын жана үзгүлтүксүздүктүн булагы болгон суунун символикалык сапары чагылдырылат. Суу жаратылыш үчүн гана эмес, ошондой эле оюндарга катышкан бардык элдер үчүн маанилүү болгон биримдиктин жана жаңылануунун терең символикасын да камтыйт.

Өлкөнүн ар кайсы бурчунан чогултулган суу көөкөргө топтолуп, Бишкек шаарына жеткирилет. Шаар тургундары жана коноктору биримдиктин бул символун көрүп, сүрөткө түшө алат.

“Биримдик кербени” — бул жөн гана долбоор эмес, бул элдин жана ар бир жарандын чоң улуттук окуяга өз салымын кошуусунун маанисин көрсөткөн жол. Өлкөнүн бардык аймактарында адамдардын колунан өткөн суу мурасты жана салтты унутпай, биргелешкен аракет менен жаңы бийиктиктерге жетүүгө болорун даңазалаган символго айланат.

34