7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нью-Йоркто “Манас” эпосуна арналган БУУ резолюциясынын 30 жылдыгы белгиленди

27

Нью-Йоркто “Манас” эпосуна арналган БУУ резолюциясынын 30 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 2025-жылдын 15-декабрында өтүп, ага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары, ЮНЕСКОнун Нью-Йорктогу кеңсесинин өкүлдөрү, БУУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.

1994-жылы кабыл алынган аталган резолюция “Манас” эпосун адамзаттын оозеки жана материалдык эмес маданий мурасы катары дүйнөлүк деңгээлде тааныган алгачкы эл аралык документ болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосунун жалпыадамзаттык баалуулуктары БУУнун негизги принциптери жана Туруктуу өнүгүү максаттары менен айкалыштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө талапкерлиги тууралуу маалымат берилди.

Программа расмий жана маданий бөлүктөрдөн, тематикалык панелдик талкуудан туруп, гибриддик форматта өткөрүлдү. Катышуучуларга “Манас” эпосунун философиялык тереңдигин, тынчтыкты, биримдикти жана адилеттикти даңазалаган универсалдуу баалуулуктарын чагылдырган аудио-визуалдык материалдар сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М. К. Мамбеталиев өз сөзүндө 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Ысык-Көл Эл аралык форумуна эл аралык коомчулукту чакырды.

Аталган иш-чара Кыргызстандын маданий дипломатиясын чыңдоого өбөлгө түзүп, улуттук руханий мурастын эл аралык коомчулукка кеңири таанытылышына олуттуу салым кошту. Белгилей кетсек, 1995-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде белгилөөнү колдоп, иш-чаралар ЮНЕСКОнун алкагында өткөрүлгөн.

 

28