7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мьянмага алданып барган кыргыз, өзбек, казак жарандары куткарылды

20

Жогорку маянаны убадалап кыргыз, өзбек, казак улутунун жарандарын кулчулукта кармап жүрүү фактысы боюнча мыйзамсыз иштин бети ачылып, жабырлануучулар мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-декабрында Министрлик, Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Таиланд Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жаранын Мьянма Союз Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасына эвакуациялаган.

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны эмгек миграциясы менен байланышкан алдамчылык схемалардын курмандыгы болуп, жогорку маяналуу жумуш тууралуу жалган убадаларга ишенип, Мьянманын аймагындагы аскердик лагерде мыйзамсыз түрдө кармалып турган. Жалпысынан, 2025-жыл ичинде Министрлик Мьянма Союз Республикасынын аймагынан 12 Кыргыз Республикасынын жаранын мекенине аман-эсен кайтаруу боюнча иш алып барды.

Министрлик, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын адам сатуу схемаларына тартылып калуу учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орношуу боюнча сунуштарды карап жатканда, өзгөчө расмий эмес каналдарды колдонгондо, өтө этият жана сак болууга чакырат.

Кандайдыр бир күмөн саноолор же суроолор пайда болгон учурда, тиешелүү консультация жана колдоо алуу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине токтоосуз кайрылуу сунушталат.

21