7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик “egov.kg” порталы расмий түрдө иштеп баштады

16

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталын расмий түрдө тааныштырды.

Презентацияны ачып жатып, минкаб башчысы мамлекеттин жарандар менен ачык жана айкын өз ара аракеттенүүсүнүн, ошондой эле калкты өз убагында жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуунун маанилүү ролун баса белгиледи.

«Мамлекеттик органдар ачык-айкын жана ачык иштеши керек. Биз калкка актуалдуу жана текшерилген маалыматты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү күндө социалдык тармактар жана ЖМКлар маанилүү ролду ойнойт, бирок маалыматты бурмалоо жана ишенимсиз маалыматтарды таратуу учурлары көп кездешет. Бул шарттарда калк менен өз ара аракеттенүүнүн негизги куралы мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттары болушу керек», – деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин башчысы мурда мамлекеттик веб-ресурстар бийлик органдарынын расмий «витринасы» функциясын толук кандуу аткарбаганын белгиледи. Бул абалды оңдоо үчүн масштабдуу аналитикалык иштер жүргүзүлүп, учурдагы сайттарга баа берилди, анын жыйынтыгында бирдиктүү мамлекеттик egov.kgмаалымат порталын түзүү концепциясы жактырылды.

Egov.kg порталы ишке киргизилип, колдонуучулар үчүн жеткиликтүү экени баса белгиленди. Учурда министрликтердин жана ведомстволордун сайттарын жаңы бирдиктүү платформага этап-этабы менен өткөрүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Келечекте порталга бардык калган мамлекеттик органдар кошулат.

Порталда бардык министрликтердин расмий маалыматы, негизги документтери жана байланыш маалыматтары камтылган толук кандуу баракчалары жеткиликтүү. Түшүнүктүү интерфейс жана ыңгайлуу издөө колдонуучуларга керектүү мамлекеттик кызматтарды, актуалдуу маалыматтарды жана тиешелүү органдардын байланыш маалыматтарын тез табууга мүмкүндүк берет.

17