Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын четинен “Макаров” тапанчасы менен «револьвер» түрүндөгү 1 даанадан ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алынган ок атуучу куралдардын номерлери атайылап алынып салынган (өчүрүлгөн).
Алдын ала маалымат боюнча, тапанчалар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык болгон, алар куралдарды өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн алкагында жеке пайда табуу максатында мыйзамсыз алышкан.
Учурда курал-жаракты мыйзамсыз сатууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.



