7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунтаев “Дөөлөт курулуш” компаниясынын үлүш ээлери менен жолукту

190

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” компаниясынын жетекчиси жана компанияга нааразычылык билдирип жаткан үлүш ээлери менен жолукту.

Жолугушуу министрликтин башкы жыйындар залында өтүп, анда министр “Кудайберген” жана “Шопоков” турак-жай комплекстери боюнча курулуш компания жетекчисине бир катар суроолор менен кайрылып, курулуш иштеринин жүрүшүн тактады.

Ошондой эле үлүш ээлеринин пикирлерин угуп, келерки жумада компаниянын макулдугу менен атайын комиссиянын катышуусунда бардык объектилерди жеке өзү текшерерин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Министрлик тарабынан “Дөөлөт курулуш” компаниясына курулуш иштерин жандандыруу жана сапатты камсыз кылуу боюнча эскертүү берилген.

191