7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламент төрагалыгына кайрадан Тургунбек уулу сунушталары айтылды

20

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына депутат Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлиги кайра сунушталары айтылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Жанарбек Акаев билдирип, парламентте беш депутаттык топ түзүлөрүн тактады.

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйыны өтүүдө. Отурумга шайланып келген депутаттардын эң улуусу Гүлай Машрапова төрайымдык кылууда.

Бул жолу шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.

48 жаштагы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы болгон. 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 15-округунан талапкерлигин коюп, 17 миң 125 добуш менен алдыга чыккан.

21