Президент Садыр Жапаров “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка 16-декабрда кол койду.
Жарлык менен жер-укуктук мамилелерди жөнгө салууга бир жылдык мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл кирет. 2026-жылдын 1-мартына чейин азыркы жер мунапысы боюнча иштеп жаткан комиссиялардын иши токтотулат.
Мунапыска 2021-жылга чейинки негизделген конуштардагы үй тургузулган, тургузулуп жаткан жер тилкелери кирет. Мындай участок ээлери мунапыс алуу арызын келерки жылдын 1-июлуна чейин тапшырууга тийиш.
Ал эми талаштуу жер тилкелери боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлөт. Аталган комиссияга 2021-жылдын 1-декабрына чейин бош жаткан жерлердеги үй салынып калган участоктордун маселесин кароо тапшырылган. Бул жер тилкелери мамлекеттин карамагына алынат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2021-жылы 5-апрелде мурдараак мыйзамсыз ээленген жер тилкелерине мунапыс берүүчү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.



