7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрүн каржылап келген ишкер кармалды

131

К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун системалуу түрдө каржылоого катышкан С.К.К. аттуу ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, С.К.К. аттуу жаран жоюлган «мыйзамдагы ууру» К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана Ош шаарынын жана Ош облусунун калкынын арасында колдоого ээ болуу, өзүнүн таасирин күчөтүү максатында К. Асанбек менен К. Досоновду ай сайын белгилүү бир суммадагы акча которуу менен системалуу түрдө каржылап турган. Алардын колдоосу менен С.К.К. күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасына аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн.

Белгилей кетсек, К.Асанбек менен К.Досоновдун колдоосу менен С.К.К. өзүнө жакпаган адамдарга физикалык таасир этүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн «кызматтарына» кайрылган.

Жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында, ишкер кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуу ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

132