Келечекте ар бир айылга чейин асфальт жеткирилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Президенттин айтымында, буга чейин бир чакырым жол эле асфальтталып калган учурлар болгон.
Мындан улам мамлекет башчысы каражатты үнөмдүү жана максаттуу пайдаланып, бир чакырымга созулган кыска жолдорду эмес, 10 чакырымдан кем эмес, керек болсо 100 чакырымдаган жолдорду салуу планы коюлганын белгиледи.
“Министрлер кабинетинин отчётун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат. Маселен, “Менин айылыма 1 чакырым жолду асфальттап бер, болбосо отчётуңа каршы добуш берем” деп коркутуп-үркүтөт. Ошентип, натыйжада 1 километр жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон. Мен мындай иштерге таптакыр тыюу салдым. Эми карап көрүңүздөр, 1 км асфальт басчу жерге канчалаган техникалар тартылат. Канчалаган кум-шагылдар, канчалаган асфальттар алыстан ташылып барат. Ошентип, 1 км жол салуунун наркы 2-3 эсеге кымбат туруп калат. Эң жок дегенде 10 чакырым жол салынса, анда жакын жерге асфальт жана бетон заводун, инерттүү материалдарды өндүрүү үчүн карьерлерди уюштурса болот. Мына ошондо үнөмдөө жагынан мамлекет утабыз. Мамлекеттин акчасын сарамжал, максаттуу пайдаланган болобуз. Бир километр жолду 2-3 эсе кымбат эмес, жолдорубузду 10 километрден кем эмес, керек болсо 100 километрлеп куруп жүрүп олтуруп, буюрса, келечекте ар бир айылга чейин асфальт жеткиребиз», — деди мамлекет башчысы.



