Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1.Кыргыз Республикасынын президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 30-пункттун 1-пунктчасында “жогорку” деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде “жогорку” деген сөз алып салынсын;
2) жогоруда аталган жарлык менен бекитилген саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Ушул тартиптин 18-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлеген адамдарга мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, ошондой эле муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер киргизилет:
1) сунуштама;
2) ушул тартиптин 2-тиркемесине ылайык класстык ченди ыйгаруу үчүн талапкер жөнүндө маалымкат;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кошумча документтерди жана материалдарды суратууга жана алууга укуктуу.”;
- жогоруда көрсөтүлгөн тартиптин 1-тиркемесинде:
3-пункттун үчүнчү абзацында “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча” деген сөздөр “тоо күн тартиби боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн тартиптин 2-тиркемесинде: “жогорку” деген сөз алып салынсын.
2.Кыргыз Республикасынын президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
I бөлүмдүн 1-главасында:
- 6-абзацта “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча” деген сөздөр “тоо күн тартиби боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-14-абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Президенттин администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында), президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында), президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, президенттин администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Жогорку Кеңештин аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы – сектордун башчысы, президенттин администрациясынын секторунун башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн, катчылыктын курамында), президенттин администрациясынын башкы эксперти, президенттин администрациясынын мамлекеттик инспектору, Жогорку Кеңештин аппаратынын секторунун башчысы”.
3. Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы №237 “2023–2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган жарлыктын 1-тиркемеси ушул жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 “Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын түзүмү ушул жарлыктын 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын штаттык санына ушул жарлыктын 3-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4.Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 353 “Кыргыз Республикасынын президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында, преамбулада жана 1-пунктта “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча” деген сөздөр “тоо күн тартиби боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү жөнүндө жободо:
- аталышында жана 1-пунктта “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча” деген сөздөр “тоо күн тартиби боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 177 “Кыргыз Республикасынын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
- Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
- Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгы бир айлык мөөнөттө ушул жарлыкты ишке ашырууга байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин.
- Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



