Бүгүн, 17-декабрда Баткен облусунан 30 бала, 2 коштоочусу менен Баткен аэропортунан Бишкек шаарына учуп кетишти.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, сапар алдында Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов балдар менен жолугуп, аларга ак жол жана ийгилик каалады.
Иш-чарага катышууга окуунун мыктылары, өзгөчө ийгилик жараткан окуучулар жана камкордукка муктаж балдар тандалып алынган.



