Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору 2005- жылдын 24–25-декабрында талкууланат. Бишкек шаардык мэриясы коомдук угуу жыйындары өтөрүн жарыялады.
24-декабрь:
-
саат 10:00дө Ленин районунда, дареги: Чүй проспекти, 168а;
-
саат 14:00дө Биринчи Май районунда, дареги: Чүй проспекти, 168а.
25-декабрь:
-
саат 10:00дө Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын имаратында;
-
саат 14:00дө Свердлов районунда, дареги: Усенбаев проспекти, 200/1.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындарга катышууну каалагандар 2025-жылдын 23-декабрына чейин райондук администрациялардын телефондору аркылуу алдын ала каттоодон өтүшү керек.
«Бул угуу жыйындары шаар тургундарына Бишкектин өнүгүүсүн талкуулоого, 2050-жылга чейинки инфраструктураны жана шаардык чөйрөнү пландоо боюнча өз сунуштарын жана суроолорун айтууга мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат маалыматта.



