7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми Кыргызстан менен Афганистан 157 млн долларлык 11 келишим менен иш алып барат

26

Афганистандын борбору Кабул шаарында кыргыз-афган бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бизнес форум Кыргызстандын «Кыргыз Экспорт» борбору жана Афганистандын Соода-инвестициялык палатасы тарабынан уюштурулду.

Форумдун жүрүшүндө Афганистандын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча жалпы суммасы 157 млн долларды түзгөн 11 келишимине кол коюлду. Бул келишимдер телекоммуникациялык жабдуулар, цемент, бут кийим, дары-дармектер, бал, логистикалык кызматтар жана айыл чарба продукциясы сыяктуу багыттарды камтыйт.

Бизнес-форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышты.

27