7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Акниет” борборунда тарбиялык багыттагы «Үлгүлүү аксакал» сынагы өттү

204

Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн «Акниет» борборунда тарбиялык багыттагы «Үлгүлүү аксакал» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сынактын балдарга улуу муунду сыйлоону үйрөтүү жана адеп-ахлактык баалуулуктарга тарбиялоо максатында уюштурулган.

Сынакка борбордун кызматкерлери катышып, өздөрүнүн өмүр баянын айтып беришти. Алар эмгек жолу, кесиптик тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу бөлүшүп, балдарга акыл-насаат айтып, турмуштан алган сабактарын айтып беришти.

Иш-чарага «Акниет» борборунун сүрөт ийриминин жетекчиси Таалайбек Мамбетов, өспүрүмдөрдүн тарбиячысы Күлүйпа Мусуралиева, тарбиячы Жыпаркул Назаркулова жана тарбиячы Апар Абдрахманова катышты.

205