7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда чет элдик жарандарга мындан ары резидент-карта берилет

16

Мындан ары өлкөгө келген чет элдик жарандар резидент-карттын негизинде иш алып барышат. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу ЖМК өкүлдөрүнө уюштурулган брифингде билдирди.

Директор белгилегендей, аталган картага чет элдик жарандын өздүк маалыматтары киргизилет. Аларга 360 күнгө чейин мыйзамдуу жашоого жана иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Анын ичинде төмөндөгү маалыттар болот:

  • Чет өлкөлүк жарандын аты-жөнү;
  • Саламаттыгынын көрсөткүчтөрү;
  • Айлык маянасы;
  • Салык төлөмдөрү;
  • Чакыруучу жана иш берүүчү тараптар жөнүндө;
  • Карта банк картасынын кызматын да аткарат.

“Бул резидент-карт системасы өлкөнүн жана чет элдик жарандардын коопсуздугу үчүн иштелип чыкты. Ошондой эле бул жерде бюрократияны кыскартуу, убакытты үнөмдөө максатын дагы көздөдүк. Бир тарабынан алганда өлкөгө кимдер келип иштеп жаткандыгын билишибиз керек болсо, экинчиден, ал жарандардын коопсуздугуна да көңүл бурушубуз керек”,-деди ал.

Жыйындын соңунда мекеменин директору Кыргызстандын компанияларында иштеп жаткан чет элдик жарандарга аталган карталарды тапшырды.

17