Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Кызыл-Кыя шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринин абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.
Облус башчысы төмөнкө мекмелер менен таанышты:
- Шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун психонаркология бөлүмү, быйылкы жылы республикалык бюджеттен 10млн сомго капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. 20 орунга ылайыкталган ооруканада бейтаптар жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
- Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун неврология бөлүмү, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып курулду. 40 орундуу мекемеде дарт аныктоо жана комплекстүү дарылоо боюнча мыкты шарттар түзүлгөн.
- Шаардык төрөт үйү 70орунга ылайыкталган.Мекеме республикалык бюджеттин эсебинен ондоп-түзөөдөн өттү.
- Шаарда дагы эки ФАП пайдаланууга даяр. Курулуш Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен курулду.



