7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ кызматкерлерине жаңы кызматтык унааларды тапшырды

12

Бүгүн, 2025-жылдын 18-декабрында, Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, ыкчам кызматтарга, ошондой эле, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Туристтик милициясына жаңы кызматтык унааларды, карда жүрүүчү техника (снегоход) тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары, ошондой эле милиция кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу аземдин алкагында «JAC», «Changan», «Hyundai Staria», «Toyota Hiace», «Geely Atlas», «Chevrolet Cobalt», «Нива legend» үлгүсүндөгү жалпы 50 жаңы кызматтык унаа, андан сырткары 5 карда жүрүүчү техника (снегоход) тапшырылды. Бардык жаңы унаалар тиешелүү заманбап жабдуулар жана каражаттар менен толук камсыздалган.

Улан Ниязбеков өз сөзүндө коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка көрсөтүлүүчү сервистик кызматтарды жакшыртуу максатында ички иштер органдарын материалдык-техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, өлкө аймагында жол кырсыктарынын санын азайтууга, бул багытта иштерди күчөтүүгө басым жасалып жаткандыктан, бул унаалар чоң өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Министр жаңы кызматтык унаалар негизинен Туристтик милициянын, коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо кызматтарына, ошондой эле ыкчам кызматтарга багытталгандыгын айтып, бул өз кезегинде кылмыштуулукту азайтуу, укук бузуулардын алдын алуу жана кызматтык тапшырмаларды ыкчам аткарууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөөрүн билдирди.

 

13