ЖАМК СИЗОнун кызматкерлери камактагы аялдарды коркутуп, орой мамиле кылат деген дооматты четке какты. ЖАМК текшерүү жүргүзүп, фактылар тастыкталбаганын маалымдады.
Буга чейин тергөө абагындагы аялдар коркутууга жана орой мамилеге туш болушарын айтып, акыйткачы Жамиля Жаманбаевага даттанышкан.
Маалым болгондой, ошондой эле мекеме өз ишин мыйзамдарга ылайык, жогору турган органдардын жана прокуратуранын көзөмөлүндө жүргүзөрүн билдирди. Камактагы жана соттолгон адамдардын укуктарын сактоо, анын ичинде медициналык жардам алуу укугу мекеменин артыкчылыктуу милдети экени белгиленди.
Ведомство арыз-даттануулар мыйзамда каралган тартипте гана берилип, каралышы керектигин кошумчалады.



