7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр Жунушалиев борбордук ЖЭБдин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

25

22-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын ЖЭБине барып, отун-энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар башчысы энергетиктердин талыкпаган эмгегинин аркасында Бишкек кышкы эң жогорку жүктөм маалында да жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыздалып жатканын белгиледи.

«Ар бир үйдөгү жарык жана жылуулук — бул сиздердин күнүмдүк, жоопкерчиликтүү ишиңиздин натыйжасы», — деп баса белгиледи мэр, кесипкөйлүгү жана ишенимдүүлүгү үчүн командага ыраазычылык билдирип.

Тармактын эң мыкты кызматкерлери мэриянын ыраазычылык каттары жана ардак грамоталары менен сыйланышты. «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев өзгөчө сыйлыкка ээ болуп, «КМШнын ардактуу энергетиги» төш белгиси менен сыйланды.

Бишкек шаарынын мэриясы энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктайт жана аларга чың ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайт!

26