2026-жылдын 15-16-17- январь күндөрү “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы ата мекендик Ryce Travel туристтик компаниясы жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге, «Silk Road Freeride жана FTWQ Kyrgyzstan» аталыштагы фрирайд боюнча турнир өткөрөт.
15-январь күнү даярдык катары Каракол лыжа базасында ар кандай машыгуулар жана коопсуздук боюнча окуутуулар өтөт. Ал эми 16-январь күнкү негизги мелдеш “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондуу курорт курулуп жаткан аймакта болот.
Турнирге Кыргызстандык өкүлдөр менен катар эле 20 га чукул мамлекеттен келген лыжа сүйүүчүлөр катышып, жаңы үйрөнчүктөр, кесипкөй лыжачылар жана аялдар арасында категорияларында күч сынашат.
Негизги максат Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары жайылтуу жана мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү. Ошондой эле экстремалдык спортту өнүктүрүү жана эл аралык жана жергиликтүү спортчулар үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



