2026-жылы 1-январдан тартып Токмок шаарындагы мал базар жабылат.
Мэриядан билдиришкендей, мындай чечим мыйзамга ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынды.
Базар акы алып иштегенине карабай, ээлери инфраструктурага каражат жумшаган эмес. Жабылууга санитардык, ветеринардык жана коопсуздук талаптарынын системалуу түрдө бузулушу негиз болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй мүчүлүштүктөр табылган:
- айыл чарба жаныбарларын кармоо жана сатуу үчүн тийиштүү шарттардын жоктугу;
- инфекциялык жана өзгөчө коркунучтуу оорулардын жайылуу коркунучун жараткан ветеринардык эрежелердин сакталбагандыгы;
- аймактагы санитардык абалынын канааттандырарлык эместиги;
- жалпы пайдалануучу жайларда, анын ичинде ажатканаларда элементардык санитардык-тиричилик шарттардын жоктугу;
- дренаждык жана суу агызуучу тармактардын жоктугу, бул саркынды суулардын топтолушуна жана аймактын булганышына алып келген;
- шаар куруу жана жер ченемдеринде каралган соода объектилерин жайгаштыруу талаптарынын бузулушу;
- базар иштеген аймакта жол кыймылынын коопсуздугунун камсыз кылынбагандыгы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



