Бүгүн, 27-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну, 6 баланын энеси Эльза Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Э.Тюрегелдиева 6 баланы жалгыз өзү тарбиялап келет. Деген менен өзүнө таандык турак жайы жок, балдары менен батирлеп жашап жүргөн. Андыктан, Ташиевге 2025-жылдын декабрь айынын башында кат жолдоп, көмөк көрсөтүүнү суранган.
Жыйынтыгында кыска аралыкта жооп болуп, Ташиев Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү бардык шарттары жана тиричилик эмеректери бар батирдин ачкычын жана документтерин, ошондой эле балдарына чакан белектерди тапшырды. Төрага, эне жана балдарына чың ден-соолук, бакубат жашоо, жаркын келечек каалады.
Өз кезегинде 6 баланын энеси, көрсөткөн жардамы үчүн Ташиевге ыраазычылык билдирип, өз кол өнөрчүлүгү менен жасаган белектерин берди.



