Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Каракол шаарындагы “Хан-Теңири” турак жай комплексинин экинчи этабында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычтарын ээлерине тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы өлкөдө турак жай курулушу кеңири кулач жайганын белгилеп,Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК аркылуу миңдеген үй-бүлөлөр турак жайлуу болуп жатканын айтты. Ал жаңы үйлүүлөрдү Мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин атынан куттуктап, курулуш район борборлоруна жана айылдарга чейин кеңейтилерин кабарлады.Ошондой эле үйлөрдүн сапаты, мөөнөтү жана коопсуздугу анын жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.
Маалыматка ылайык, “Хан-Теңири” комплексинде жалпысынан 69 блоктон турган 3 430 батир курулат. Аймакта бала бакча, мектеп, спорттук жана балдар аянтчалары, эс алуу жайлары каралган.



