Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-ноябрга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, ошондой эле Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болуусу күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамал 4-9 м/с, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин күчөйт.
Аймактар боюнча:
Чүй: түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17
Талас: түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16
Баткен, Ош, Жалал-Абад: түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17
Ысык-Көл: түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15
Нарын: түнкүсүн -5…0, күндүз +7…+12
Ош: түнкүсүн +7…+9, күндүз +14…+16
Бишкек: түнкүсүн +6…+8, күндүз +12…+14



