Курулуш министри Нурдан Орунтаев 4-ноябрда мөөнөтүндө бүткөрүлбөй жаткан объектилер боюнча 31 курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.
Жыйында курулуштун кечеңдешинин себептери талкууланып, компаниялардын ишмердүүлүгү каралды. Министр белгиленген мөөнөттө курулушту бүтүрбөгөн компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат бербөө тапшырмасын берди.
Ошондой эле бүтпөй жаткан объектилерге көзөмөл күчөтүлүп, айрым компаниялардын материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.



