Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Брайан Уильямсты кабыл алды.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын БУУ менен кызматташтыгын өнүктүрүү, тоолуу аймактарды колдоо, Ысык-Көлдү сактоо жана 2028–2032-жылдарга карата кызматташтыктын жаңы программасын даярдоо маселелерин талкуулашты.
Президент 2027-жылдын октябрында Кыргызстанда “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммити өтөрүн маалымдады. Ошондой эле Ысык-Көлдү сактоо боюнча эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесин белгилеп, ага мамлекеттик бюджеттен 10 млн доллар бөлүү чечимин ырастады.
Өз кезегинде Брайан Уильямс фондго кошумча каржы тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, экономиканы өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багытында кызматташууну улантууга кызыкдарлыгын айтты.
Жолугушуунун соңунда тараптар БУУ менен Кыргызстандын кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.



