7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Гилленди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүү, экономикалык, инвестициялык, банк, каржы, тоо-кен жана энергетика тармактарындагы байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Президент эки өлкөнүн мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгын белгилеп, “Wabtec”, “Boeing” жана башка америкалык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанисине токтолду.

Өз кезегинде элчи АКШ Кыргызстан менен ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

 

5