Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Чүй жергесинде +7…+12, Талас аймагында +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +6…+11, Ысык-Көл облусунда +1…+6 градус жылуу болсо, Нарында -1…-6 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +10…+12, Ош шаарында +9…+11 градуска чейин көтөрүлөт.



