7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

20

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1, 2, 4-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылсын:
1) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
2) II даражадагы “Манас” ордени;
3) “Данакер” ордени;
4) “Даңк” медалы.

2. Жокко чыгарылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 22-апрелиндеги № 106 “А.Ш. Атамбаевди “Даңк” медалы менен
сыйлоо жөнүндө” Указы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 518 “А.Ш. Атамбаевди “Данакер” ордени менен
сыйлоо жөнүндө” Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 311 “Республиканын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгынын үчүнчү абзацы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы № 1 “А.Ш. Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын
Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыгы.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар фондуна андан ары өткөрүп берүү үчүн ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыктарын жана аларга таандык документтерди алып коюу боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

21