Жаңы жылдын алдында шаар мэри Айбек Джунушалиев Муниципалдык инспекцияга жана райондук администрацияларга кызматтык унааларды тапшырды.
Унааларды тапшыруу учурунда шаар башчысы Муниципалдык инспекциянын кызматкерлерине жетишкен ийгиликтери, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
«Бул иш-чара, балким, анчалык чоң эмес көрүнүшү мүмкүн, бирок шаарды натыйжалуу башкаруу үчүн абдан маанилүү. Муниципалдык инспекциянын салымын өзгөчө белгилеп кетким келет. Мисалы, 2025-жылы жай мезгилинде ар бир транспорт каражаты көзөмөлдөнүп, тыюу салынган заттарды колдонгон мончолордун жана башка объектилердин ишмердүүлүгү текшерилди. Ошондой эле акыркы эки жылда салынган айып пулдардын суммасы инспекция түзүлгөнгө чейинки 2023-жылдагы көрсөткүчтөрдөн кыйла ашты», — деп белгиледи мэр.
Айбек Джунушалиев Муниципалдык инспекцияга мончолорду, социалдык объектилерди жана башка жылуулук менен камсыздалган мекемелерди текшерүү иштерин күчөтүүнү, айрыкча «Дордой» конушунда жана ага чектеш аймактарда көзөмөлдү арттырууну тапшырды.
Иш-чаранын алкагында Муниципалдык инспекцияга жана райондук администрацияларга жалпы 17 кызматтык унаа тапшырылды.
Мындан тышкары, унаалар административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактардагы жана башка конуштардагы калк менен иштөөнү күчөтүү үчүн акимияттарга тапшырылды.
Мэр материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана кызматтык техникаларды тапшыруу иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.



