7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кендирбаева: «Бюджеттин эсебинен чет өлкөдө окуп жаткан студенттер Кыргызстанда иштеш керек»

16

Мамлекеттин эсебинен стипендия алып, элдин төлөгөн салыгынын эсебинен окуп жаткандар Кыргызстанга иштеши керек. Мындай пикирин агартуу министри Докдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, министрлик агартуу тармагына жаңычыл, жаш кадрларды тартууга абдан кызыкдар.

“Биз мамлекет окуткан кадрларды чакырдык, бирок келген да жок. Мен эми алардын фамилиясын айтып уяткаргым келбейт, анткени өздөрү билет. Бул мамлекет алдындагы абийир жана жоопкерчилик. Экинчиден, учурда башка өлкөдө педагогикалык кесипте иштеген адисти министрдин орун басары кызматына чейин чакырдым. Анын да атын айтпай эле коеюн. Тыштан туруп реформаны, эксперттик көз караштарды айтпай, келип иштеңиз, тажрыйбаңыз керек деп чакырсак келген жок. Анткени, ал жакта айлык көп экен”, — дейт Кендирбаева.

Бул кадрлар бизге келип иштешсе социалдык ипотека берилет эле, айлык да көбөйүп жатат деген оюн кошумчалады.

“Белгилүү болгондой, мугалимдердин айлыгы кийинки жылдан тарта 100 пайыз көбөйөт. Бул бизге чоң колдоо, мүмкүнчүлүк ошол эле учурда чоң жоопкерчилик болуп саналат. Азыр айлык төлөө механизмдерин, эрежелерин тактоо процесстери жүрүп жатат. Мугалимдердин айлыгын 100 пайыз көтөрүү өтө чечкиндүү кадам, чоң бюджет”,- деди ал.

Ошондой эле учурда жалпы агартуу системасында 95-97 миңге жакын адистер иштей турганын маалымдады.

17