7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиевдин тапшырмасы боюнча бизнесмен кармалды

194

Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолундагы курулуш иштерине байланыштуу «К.Ж.К.” подряддык уюмунун негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсы Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол жолунун үч участогун куруу милдетин алган.

«Бирок келишимдин шарттарын аткарбагандыгы, курулуш иштеринин мөөнөттөрүн бузгандыгы, республикалык маанидеги автожолдун өз убагында бүтпөй калышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип «Кыргыз Жол Курулуш» жана «ИС-Саби Холдинг» ЖЧКларынын негиздөөчүсү кармалып, Каракол шаарында убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат», — деп айтылат расмий маалыматта.

Буга чейин УКМК Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусунда жыйын өткөрүп, «Кыргыз Жол Курулуш» компаниясынын ээси Мирлан Исагалиевди камакка алууну тапшырганын кабарлаган.

195