Балыкчы, Нарын жана Чүй облусунун шаарларындагы коомдук транспортко “Тулпар” картасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун операциялык ишмердүүлүгү боюнча директору Бекжан Акматбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда Кара-Балта шаарындагы коомдук транспортко “Тулпар” картасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
“Өлкөдө “Тулпар” картасын коомдук транспортто колдонуу аймагын кеңейтүү пландалып жатат. Биз азыр бир канча шаарлардын тиешелүү өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Мүмкүн кийинки жылдан баштап кээ бир шаарларда иштерди баштайбыз. Бул Балыкчы, Нарын шаары жана Чүй облусунун шаарлары. Мисалы, Кара-Балта шаарында “Тулпар” картасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр учурда жүрүп жатат. Эгер сүйлөшүүлөр натыйжалуу болсо, бул багытта иштерди баштайбыз”,- деди Акматбеков.



