Бүгүн, 29-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү.
Жыйынга министрликке караштуу түзүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана борбордук аппараттын бөлүм башчылары катышты.
Анда тармактагы актуалдуу маселелер талкууланып, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун курулушунун жүрүшүнө байланыштуу транспорт министринин биринчи орун басары, ошондой эле жол чарба департаментинин директору «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директору,»Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарына сөгүш берилди.
Министр аталган жолдун курулушун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, министр Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды.