7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туман мындан ары тоскоолдук жаратпайт. Манас аэропортунда CAT III орнотулууда

19

Туман мындан ары тоскоолдук жаратпайт. Манас аэропортунда CAT III орнотулууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Манас» эл аралык аэропортунда III категориядагы заманбап жарыктандыруу системасын орнотуу иштери уланууда. Бул долбоорду ишке ашыруу учуулардын коопсуздугун жана аэропорттун ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуудагы маанилүү кадам болуп саналат.

CAT III системасын орнотуу коюу туман жана начар көрүнүү шарттарында учактардын учуп-конуусуна мүмкүндүк берип, каттамдардын кечигүү жана жылдыруу коркунучун бир кыйла азайтат жана аба кыймылынын туруктуулугун жогорулатат.

Жарык белги берүүчү жабдууларын орнотуу эл аралык жарандык авиациянын стандарттарына ылайык жүргүзүлүп, «Манас» аэропортунун инфраструктурасын андан ары модернизациялоого багытталган.

Бул учурда, ар бир конкреттүү учурда конуу боюнча акыркы чечимди аба кемесинин экипажы аба ырайынын шарттарын жана учактын эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алат.

«Манас» эл аралык аэропорту алдыңкы технологияларды ырааттуу түрдө ишке ашырып, аймактын негизги авиациялык борборлорунун бири катары статусун бекемдеп келет», — деп жазылат маалыматта.

20