Чоң Чүй каналына агып кеткен адамдарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, бүгүн, 30-декабрда Чоң Чүй каналына 3 эркек киши чөгүп кеткен. Алардын биринин сөөгү табылып, ал эми 2 эркек кишини издөө иштери улантылууда.
Эске салсак, издеп-куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Кошумча маалымат берилет.



