7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик тил комиссиясы жыл жыйынтыгын чыгарды

22

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кеңешме органы жыл жыйынтыктоочу отурумун өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жыйында комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын аткарылышына токтолду. Ошондой эле отурумда комиссияга караштуу мекемелердин жылдык иши талданды.

Мындан тышкары, комиссиянын 2026-жылга карата иш-чаралар планына конкреттүү сунуштар киргизилди.

Жыйындын соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланды.

23