Борбордук шайлоо комиссиясы 30-декабрда жыйын өткөрүп, Жогорку Кеӊештин көп мандаттуу №13 шайлоо округундагы депутаттарды кайра шайлоо тууралуу токтом кабыл алды.
БШКнын маалыматы боюнча, бул округдагы мурда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыктары 3-декабрда комиссиянын токтому менен жараксыз деп табылган.
Кайра добуш берүү 2026-жылдын 1-мартында, жекшемби күнү өткөрүлөт.
Бул чечим “Президентти жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 38чи жана 63-беренелери жана “Борбордук шайлоо комиссиясы жана референдумдарды өткөрүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык кабыл алынган. БШКнын аппаратына жана №13 шайлоо округунун аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону учурдагы мыйзамга ылайык уюштуруу милдеттендирилди.
Министрлер кабинетине төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:
- БШКнын чыгым сметасына ылайык зарыл каржылык каражаттарды бөлүү;
- Добуш берүүнүн даярдыгы жана өткөрүлүшү учурунда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана коомдук тартипти камсыз кылуу;
- Так шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин маалыматтарын тактоо;
- Шайлоочуларды онлайн режимде идентификациялоо системасын жана туруктуу байланыш каналдарын иштөөдө камсыз кылуу;
- Шайлоо процессинде колдонулуучу маалымат системаларынын киберкоопсуздугун камсыз кылууга БШКга жардам көрсөтүү;
- Добуш берүү жана идентификациялоо жабдууларын коопсуз сактоону камсыз кылуу;
- Шайлоо мыйзамында каралган башка бардык чараларды аткаруу.
Кайра шайлоолор 2025–2026-жылдардагы шайлоо циклдерин жыйынтыктоонун маанилүү этаптарынын бири болот.



