7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрге кат жазган окуучуларга баалуу белектер тапшырылды

9

Министрге кат жазган окуучуларга баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Талас шаарынын тургуну 6-класстын окуучусу Бекинова Раяна жана Талас облусунун Көк-Ой айылында жашаган 2-класстын окуучусу Рыспаев Асанали Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго кат жолдошкон.

Каттарында окуучулар министрди келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, өз кыялдары менен бөлүшүп, жакшы окууга убада беришкен. Ошондой эле келечекте ички иштер органдарында кызмат өтөп, мекенге кызмат кылуу тилектерин билдиришкен.

Окуучу балдардын тилектеринин бири ишке ашып, Раяна менен Асанали Талас облустук ички иштер башкармалыгына барып, алар үчүн тааныштыруу экскурсиясы уюштурулган. Окуучуларды башкармалыктын башчысы Бактыбек Нарчаев тосуп алып, имарат менен тааныштырып, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле балдар жана алардын чоң энелери менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Мирлан Насиров сүйлөшүп, ички иштер министринин атынан окуучуларга баалуу белектер — планшет ipad, MacBook Air 15 үлгүсүндөгү ноутбук, ошондой эле таттуу белектер тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдарга окууда ийгиликтер кааланып, келечекте мекенге берилген, татыктуу милиция кызматкерлери болушуна ишеним билдирилди.

Өз кезегинде окуучулар жана алардын жакындары Ички иштер министрине балдардын кыялдарына көңүл буруп, өсүп келе жаткан муундарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындай көңүл буруу жаштар үчүн чоң дем, күч экендигин белгилешти.

 

10