7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин Президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин жаңы жыл менен куттуктады

7

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

“Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери жогорку деңгээлде турат – муну Бишкектеги жакында болгон конструктивдүү жана мазмундуу сүйлөшүүлөрүбүз толук ырастады.

Биз, албетте, саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташтыкты активдүү түрдө мындан ары да кеңейтебиз, ошондой эле КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында аракеттерибизди координациялайбыз. Бул Россия менен Кыргызстандын достук мамиледеги элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.

Жаңы жылда чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми бардык мекендештериңизге бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү чын жүрөктөн каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

8