7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таксисттерге рейд: Жаңы жылга карата жол кирени көтөргөндөргө чара көрүлөт

269

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы аймактарга жүргүнчү ташыган такси айдоочулары менен жеке өзү профилактикалык түшүндүрүү ишин жүргүздү. Иш-чара Жаңы жылдык майрамдардын алдында, жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн учурда, жол кирени негизсиз жогорулатуу фактыларынын алдын алуу максатында уюштурулду.

Түшүндүрүү маалында башчы айдоочуларды мыйзам талаптарын так сактоого, жол кирени негизсиз көтөрбөөгө жана эл үчүн ак ниет кызмат кылууга чакырды. Жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуз, адилеттүү жана коомдук тартипти бузбаган шартта жүргүзүлүшү керектиги баса белгиленди.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы мындан ары да профилактикалык иштерди улантып, мыйзам бузууга жол берген айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрөт.

 

270